Телефон:+7 926-920-70-25

Watsapp: +7 917-549-95-13

Watsapp:+996 770-28-50-32

Почта info@Zamanbap.Kg

Поиск
#Реклама

ОМАР: «Дианага баш кошконума алиге чейин ишене албай жатам»

ОМАР: «Дианага баш кошконума алиге чейин ишене албай жатам»

Күз келип тойлор биринин артынан бири өтүп, быйыл үй-бүлө курган белгилүү инсандар арбын болду. Алардын бири — ырчы Омар. Канчалаган кыздардын жүрөгүн жаралап келе жаткан ырчы сүйүктүүсүнө баш кошуп, бактылуу болуп турган кези.

– Омар, куш бооң бек болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай башталып атат? Дагы деле концерттерде жүрүптүрсүң?

– Рахмат. Мени азыр көпчүлүк чет өлкөдө эс алууда деп ойлоп атышат. Бир тууган эжем менен жездем бал айын өткөрүп келүү үчүн Таиландга жолдомо беришсе, досторум Дубайга, «Ала-Тоо» рестораны Европа боюнча тур белек кылышты. Айтор, чет мамлекетке барып эс алып келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз көп эле. Бирок биз азыр кете элекпиз. Анткени азыр Жаңы жылдык концерттер тартылып атат, үйгө келген коноктордун аркасы суюла элек. Ошолордун баарын бүтүргөнчө Жаңы жыл келип калат. Буюрса, Жаңы жылды тосуп, анан чет мамлекетке барып келүү пландарыбыз бар.

– Үйгө шашып калгандырсың?

– Ооба, мурда түнгө чейин деле жумуштар менен жүрө берчүмүн. Азыр деле келинчегим телефон чалып тынчымды албайт. Болгону өзүм эле үйгө шашып калдым. Келинчегим биздин үйгө көнгөнчө менин колдоом керек го. Ата-энеме Диана, Дианага ата-энем жагып атат. Буюрса, баары жакшы. Экөөбүздүн баш кошконубузга он беш күн болду, бирок дагы деле өңүмбү же түшүмбү деп ишене албай жүрөм. Үйгө барганымда Диана жүрсө таң калып да кетип атам. Экөөбүз ынтымакташып жашоону баштап, намаз окуп, үй-бүлөнүн пайдубалын түптөй баштадык.

– Диана мурун эле намаз окучу беле?

– Ооба, Диана намаз окуганды үйрөнүп, орозо айынын башынан бери жыгыла баштады. Негизи Диананын апасы намаз окуйт. Андыктан мурунтан эле динден кабары бар кыз. Экөөбүз таанышканда мен дин тууралуу айтып баштасам, анын андан кабары бар экен. Шаардык кыздын динден кенен кабары бардыгы мени бир чети таң калтырса, экинчи четинен мендеги ага болгон жактыруу сезимин күчөтүп кетти окшойт.

– Үй-бүлө курган жагымдуу бекен, мурда эле үйлөнбөй деп атасыңбы?

– Ооба, үйлөнгөн ушундай жакшы экенин билгенимде мурда үйлөнсөм жакшыраак болмок экен. Бирок ал учурда Диана жаш болуп калмак да. Негизи мен 23 жашымда үйлөнүүнү каалагам. Тилекке каршы, жактырган адамымды таба алган жокмун. Андан кийин пайгамбарыбыздын сүннөтү боюнча 25 жашта үйлөнсөм деп аябай ниет кылып, аракет кылдым. Болгондо да кыздар менен таанышайын деп университеттерге чейин кирип сураштырып жүрдүм. Тилекке каршы, ал жашымда да буйруган жок. Кудайга шүгүр, 29 жашка ооп калганда турмуш куруп олтурам, буга да шүгүр дейм. Башкысы, кыялымдагыдай кызды таап алдым.

– Кайдан таптың?

– Университетте өткөн иш-чарага ырдап барып Диана менен таанышып калгам. Ырдап жатсам алып баруучу Кубат Кубанычбеков: «Омар, сени бул жакта бир стол жаман көрөт экен», — деп калды. Анткени баары туруп бийлешип, бир столдо олтургандар турбай коюшкан. Карасам жалаң кыздар экен. Ошол топ кыздардын арасынан Диана дароо көзүмө көрүндү. Демейде кыздар «Омар, Омар» деп калышчу, ал болсо такыр реакция кылган жок. Андыктан анын жанында өзүмдү толук кандуу мырза катары сезип аттым. Диана менден сегиз жашка кичүү.

– Экөөңөр канча убакыт кыз-жигит катары жүрдүңөр?

– Биздин таанышканыбызга жети-сегиз ай болуп калды. Өзүм узак сүйлөшүүнү каалабайм, андыктан үч-төрт ай сүйлөшүп эле үйлөнсөм деп ойлочумун. Шарият боюча да аз сүйлөшкөн туура дешет. Бирок Диананын апасы аны катуу кармагандыктан кечкисин көрүшө алчу эмеспиз. Бир-эки жолу гана киного барганыбыз болбосо, күндүзү гана жолукчубуз. Үч ай сүйлөшкөндө эле ага үйлөнүүнү ойлогом, бирок ортодо армияга кетип калдым. Диана бир ай күттү, ошол учурлар да таттуу болду. Армиядан келип сентябрь айында үйлөнсөм дегем, анда Казакстанда болгон сынакка катышып калдым.

– Сенин күйөрманың бекен?

– Мени ырчы катары таанычу экен. Кыргыз эстрадасынан мен, Мирбек Атабеков, Арсен сыяктуу айрым ырчыларды гана тааныбаса, көп жакшы билбестигин айтат. Кийин кызыгуу пайда болуп: «Менин ырларымды укчу белең, сыртымдан көрүп жактырчу белең?» — деп сурасам: «Мен ырчыларды ырчы катары гана кабыл алчумун, ырчы менен сүйлөшөм деп ойлогон эмесмин», — дечү. Башында ырчылар кандай мамиле кылар экен деп менден деле күмөн санап жүрүптүр. Буйруктан болот экен баары, минтип баш кошуп калдык. Биздин никебизди Чубак ажы кыйып, таалим-тарбиясын айтып, жакшы кеп-кеңешин берди.

– Эми ата-энең менен чогуу жашайсыңарбы?

– Албетте, ата-энем менен чогуу жашайбыз, анткени мен үйдө жалгыз баламын. Дианага мурда эле ата-энем мен үчүн маанилүү экенин, алар менен өмүр бою бирге жашарымды айткам. Мурда кыздар менен таанышып, ушул тууралуу айтсам башкача реакция болчу. Диана, тескерисинче, жакшы дегендей кылып койду, анысы мага жакты.

– Көп убакыттан бери чыгармачылык менен иштеп келе жатасың, өзүңдүн үйүң барбы?

– 2008-жылдан бери курулуш иштери менен алек болуп келе жатып, кыялымдагыдай үй курдум. Ошол жылы конкурска барып, Алла Пугачёвадан 50 миң доллар алгам. Ал акчага дароо эле жер тилкесин алып, ата-энем үчүн үч кабат үй салып бердим. Азыр ошол үйдө баарыбыз чогуу жашайбыз.

– Диана учурда окуйбу же иштейби?

– Диана болгону жыйырма жашта, азыркы учурда жогорку окуу жайлардын биринде окуйт, студент.

Булак: Леди.кж

17:47
82
RSS
Наси
19:42
Бактылуу болгула
Загрузка...