Телефон:+7 926-920-70-25

Watsapp: +7 917-549-95-13

Watsapp:+996 770-28-50-32

Почта info@Zamanbap.Kg

Поиск

Сүрөт - Нэна, ырчы: “Көп адамдар айланасынан жакшы нерселерди көрө албай, жамандык гана издешет”

Сүрөт - Нэна, ырчы: “Көп адамдар айланасынан жакшы нерселерди көрө албай, жамандык гана издешет”

Нэна- белгилүү эстрада ырчысы, бактылуу айым, эки керемет жигиттердин апасы жана жөн гана боорукер, мээримдүү, поизивдүү жан. Нэна биз менен бул ирет сулуулук сырлары менен бөлүшүп кайтты.

Таза абада сейилдөө

Сейилдөө- пайдалуу жана жагымдуу. Мен таза абадан сейилдегенди абдан жакшы көрөм. Балдарым жарыкка келгенден бери сейилдөө менин күнүмдүк ишмердүүлүгүм болуп калды. Аны күн сайын чыдамсыздык менен күтөбүз. Себеби, балдарга апасы менен сейилдөө эң соонун да!

Түйшүктүү күн

Биздин организм дайыма тыныгууга жана эс алууга муктаж болуп келет. Менин пикиримде түйшүктүү күндөрдү уюштуруп туруу керек. Ар бир кыздын бул тууралуу өз методдору болсо керек. Мен эң биринчи бул күндүн достор менен жаратылышка чыгып эс алуу менен дал келтирбейм. Тескерисинче, майлуу эмес йогурт же кефир көбүрөөк ичем. Мага өзүмдү жеңил сезген абдан жагат. Күнүмдүк тартипти менин организмиме байланыштырып, колдонуп турам.

Өздүк фитнес-программа

Үй жумуштары, балдар менен алек болуу көп убакытты жана энергияны, күчтү алат. Ал эми фитнес клубга, бийге барганга убакыт дээрлик болбойт. Бирок, арыктап, сулуу болууну ар дайым каалайсың. Төрөттөн соң бир калыпка келүү үчүн метод тапкам. Ичти ашканада колдоно турган жылтырак баштык менен таңып, үстүнө жылуу кийим менен оройбуз дагы үй жумуштары менен алек болуп жүрө беребиз. Бул метод бардык аялзатына жагышы мүмкүн эмес. Бирок, мага абдан жардамы тийген.

Үй шартындагы маскалар

Мага жаратылыш коюу чачты тартууласа да, ага ар дайым кам көрүп тууу кажет. Кимдир бирөө үй шартында маска жасоого жалкоолук кылышат, а мен жок. Менин пикиримде сулуу, көркөмдүү чач кыздардын визиттик карточкасы. Көпчүлүк учурда кастор жана репей майын колдоном. Бул майлар чачты бекемдеп жана азыктандырат. Буга кошумча айран маскасын колдоном. Маскага керектүү нерселердин баардыгы кымбат эмес. Бирок, процедуранын өзү сиздердин баалуу убактыңыздарды алышы толук мүмкүн. Эң башкысы сулуу болууга аялдын каалоосу гана керек экенин түшүндүм.

Жашоого канаттануу

Жаратылышымдан мен оптимист адамдардын катарын толуктайм. Жашоого канааттанам жана дайыма позитивдүү маанайда жүргөндү жактырам. Көп адамдар айланасынан жакшы нерселерди көрө алышпайт. Алар үчүн үй, иш жана үй-бүлө. Мунун баары турса да алар жашоолоруна нааразы боло беришет. Мен өзүмдө бар нерселердин баардыгына канааттанам жана ыраазымын! Ал эми мыкты маанайдын булагы- күнүмдүк күлкү, жакшы маанай, көңүл көтөрүү жана менин үй-бүлөм. Анан да менин сүйүктүү жумушум бар экенин кубанычтамын. Бактылуумун!

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

10:09
RSS
Нет комментариев. Ваш будет первым!
Загрузка...