Телефон:+7 926-920-70-25

Watsapp: +7 917-549-95-13

Watsapp:+996 770-28-50-32

Почта info@Zamanbap.Kg

Поиск
#Реклама

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков туулган күнүн М

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков туулган күнүн М

Ырчы Гүлжигит Сатыбеков бүгүн, 9-январда 38 жашка толду.SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо максатында байланышып, учурда ал Орусияда жүргөнүн билди.

«Былтыркы туулган күнүмдө Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болсом, быйыл концерт боюнча Москва шаарына келгем. Туулган күнүмдү да бул жактан досторум менен белгиледим. Өтө деле чоң майрам уюштурган жокпуз. Ал эми кечинде бул жактагы тууган-уруктарым менен чогулуу алдында турабыз», — дейт ырчы.

Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган. Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Коштошуу”, “Лейлектик кызга”, «Тико, „А балким“ жана башкалар. Анын аткаруусундагы „Мен сенден кетейинчи“ аттуу ыры „Супер-Инфо“ гезитинин тандоосу боюнча „Жылдын супер ыры“ деп табылган. Өткөн жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын берүү боюнча жарлык чыгып, наам быйыл, 2018-жылдын 4-январында тапшырылган.

Булак : http://www.super.kg

16:34
50
RSS
Нет комментариев. Ваш будет первым!
Загрузка...