Телефон:+7 926-920-70-25

Watsapp: +7 917-549-95-13

Watsapp:+996 770-28-50-32

Почта info@Zamanbap.Kg

Поиск

"Самара жерде жүрүп деңгээлин өтө кымбат баалайт да... Ошто андан башка артист калбай калганбы?"

"Самара жерде жүрүп деңгээлин өтө кымбат баалайт да... Ошто андан башка артист калбай калганбы?"

Бүгүн, 2-февраль күнү журналисттер Баяна Кулова жана Абай-Нур Большевиковдор өзүдөрүнүн социалдык баракчаларына ырчы Самара Каримова тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Баяна Кулова: «Самара өзүнүн деңгээлин өтө кымбат баалайт да жерде жүрүп. Бир спектаклдин баасы 750 сом деген эмне шумдук, уялсаңар боло кичине! Султан аке, драмаларга лөктөр барбайт, мага окшогон драма көрбөсө тура албагандар эле барбаса. Сиздин мындайыңыз жок эле го, чыныгы күйөрмандар көчөдө калат эми..

Эмне, Ош шаарында Самарадан башка артист калбай калганбы? Күйөөсү Ош областы боюнча маданият тармагын тейлеп олтурса, аялы аткарган спектаклдин баасын ошол чечет да баарын. Эми бул жагын деле туура түшүнүү керек. Самара кааласа чоңдорду да жетелеп келет, билеттерди саттырат, сатып албаса кыйнап сатат, гүлдү кыйнап апкелдирип, кыйнап кол чаптырат, көнүп деле калбадыкпы жоруктарына...».

Абай-Нур Большевиков: «Мына эмне деген баа??? Бул мага окшогон орто жашоо өткөрүп жаткан адамдар үчүн чоң сумма го… Театр элдин рухун, маданиятын көтөрүү үчүн иштейби же акчалуу байлар үчүнбү? Жеке статусуна карап баа бычпаш керек… Каримова катышканы үчүн эле байлар барыш керекпи, башка актрисалар ойногон спектакльдар арзаныраак болчу эле билишимче… Орто жана кедей жашап жаткандар да театрга баргысы келет… Аларга да жол ачкыла...

Элдер айтып жатышат дагы мамлекеттик кызматкерлерге мажбурлап сатылса керек да деп… Ойлонгула, ойгонгула...».

Булак: NazarNews.kg

18:32
RSS
Нет комментариев. Ваш будет первым!
Загрузка...