Телефон:+7 926-920-70-25

Watsapp: +7 917-549-95-13

Watsapp:+996 770-28-50-32

Почта info@Zamanbap.Kg

Кыргызстандык актриса жана бийчи Жибек Нурманбетова Голливудда сойкулук менен алектенеби?

Кыргызстандык актриса жана бийчи Жибек Нурманбетова Голливудда сойкулук менен алектенеби?

Мекендешибиз актриса жана бийчи Жибек Нурманбетова бир нече жылдан бери Голливудда жашап, өзүнүн кыялдарын ишке ашырып, атактуу болуунун аракети менен жүрөт.

Дүйнөгө таанымал жылдыздардын клиптерине түшүү менен бирге бий менен жогорку деңгээлде алектенип, учурда хореограф болуп эмгектенип жаткан Жибекти интернет колдонуучулар «сойку» деп жазып чыгышты.

Келишимдүү келбетке ээ болуу үчүн күнүгө өзүнүн үч саатын убактысын спорт залга арнаган бийчи ачык кийинип сүрөткө түшүүдөн тартынбайт. Ага негативдүү пикирлерди жазып жаткандарга үн катпоо менен гана жооп берип келет.

Эскерте кетсек, Жибек буга чейин «Большие люди» долбоорунда Беманын ролу аркылуу кыргыз элине таанылган. 2013-жылы «КВНчи» Саламат Алиевге турмушка чыгып, үч жыл мурун ажырашып кетишкен.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

15:49
473
RSS
КУБА
16:20
Бир озу бир кудай билет.
Загрузка...