Телефон:+7 926-920-70-25

Watsapp: +7 917-549-95-13

Watsapp:+996 770-28-50-32

Почта info@Zamanbap.Kg

Алиша Диа, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ 11 КҮН ЧОГУУ ЖАШАП, АЖЫРАШЫП КЕТТИК»

Алиша Диа, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ 11 КҮН ЧОГУУ ЖАШАП, АЖЫРАШЫП КЕТТИК»

Актриса, ырчы Алиша Диа былтыр күзүндө Бакыт аттуу мырзага турмушка чыккан эле. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк турмушу бир нече күнгө гана созулганын айтат актриса.

– Алиман, сени ырчылыкка караганда актрисалык кесипте көбүрөөк байкап жүрөбүз, чыгармачылыктын башка тармагында да өзүңдү сынап көрбөйсүңбү?– Туура айтасыз, ырчылыкка караганда акыркы жылдары актрисалыкка көбүрөөк ооп жүрөм. Өзүңүздөр билгендей, мен карьерамды ырчылыктан баштагам, жан дүйнөм ырга жакын. Чыгармачылыкта жүргөндө анын түрдүү нугуна азгырылып, тасмага сунуштар түшүп, анын артынан дагы кинолорго тартылып ырчылык өнөрүм экинчи планга жылып кеткендей болду. Ыр – менин жан дүйнөмдү азыктандырган баалуулуктардын бири. Мен жумуш кылсам, көчөдө сейилдеп жүрсөм да такай музыка угам. Эми чыгармачылыгымда көбүрөөк орунду ырчылыкка берейин деп жатам. Анткени кинодо эркиндик чектелүү, бирөөнүн жазган сценарийи менен роль аткарасың, жан дүйнөңдө болуп жаткан бурганакты чыгара албайсың. Ал эми ырда каалагандай текст жазып, жашооңду, ошол учурдагы түрдүү абалыңды чагылдырсаң болот.

– Акыркы жылдары коммерциялык негиздеги тасмаларда тартылып жүрөсүң, келечекте олуттуу тасмаларда да роль жараткың келеби?– Албетте, эл аралык сынактарга катышып, глобалдык маселени көтөргөн салмактуу роль аткаргым келет. Азырынча андай кинолорго сунуш түшө элек. Чынында буга чейин көп коммерциялык багытты көздөгөн тасмаларда тартылдым. Азыр деле киного тартылууга чакырышууда. Бирок, ачык айтканда, жеңил-желпи кинолорго тартыла бергенден чарчадым. Анан да азыр «эу», «даң-даң-даң» деген аң-сезимди бузган кинолор козу карындай жайнап кетпедиби. Ушундай бир күндүк тасмалар менен биздин келечек муун өсүп келе жатат. Анан, албетте, эстетикалык ырахат тартуулаган кинолордо роль аткарууну эңсеп каласың. Бир дублду 30-40 жолу чарчабай аткарып, берилген ролдун майын чыгарып аткаргың келет, бирок сапаттуу кинолор аз болуп жатпайбы. Ошентсе да «Шаардык келин Шарапат» тасмасындагы ролум тууралуу элден жакшы пикирлерди угуп жатам.

– Негизги каражат тапчу булагың кайсы?– Интернет баракчамда шампундарды, кийимдерди саткан дүкөндөрдү жарнамалап жүрөм. Айрымдар бартердик негизде, кээ бирлери накталай төлөм сунушташат. Мен өнөктөштүккө абдан жакшымын. Жарнама – каражат тапчу булактарымдын бири. Мындан сырткары киного тартылам, өзүм «Алиша Диа» деген кийимдер коллекциясын чыгарам. Бул коллекция Кыргыз өлкөсүндө эмес, чет өлкөлөрдө сатылат. Биз дүңүнөн сатчу рынокко эми чыктык, акырындан ишибиз алдыга жылып келе жатат.

– Чачыңды дайым сары түстө көрөбүз, башка түскө деле боёп көрдүң беле?– Чачымды кезинде кара түскө, күрөң түскө да боёп жүргөм. Бирок жарашкан жок. Тааныштарым да «кара түс сени улуу көрсөтүп коёт экен» деп айтышты. Көнүп калган эле сары чачым менен жүрөм азыр.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сен турмушка чыккандан көп өтпөй эле «жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген кептер тараган. Мындай сөздөрдүн чындыгы барбы?– Бул тууралуу айтардан мурун калп-чынын, уккан-билгенин аралаштырып жеке жашоом тууралуу имиштерди жазып жаткандарга таң калдым. Адамдын жеке жашоосун талкуулоодо ал нерсе чынбы, калппы, маанилүү деле болбой калган окшойт. Мен буга чейин жеке жашоом тууралуу эч кимге комментарий берген эмесмин. «Жолдошу артынан чуркап жарашканга аракет кылып жүрүптүр» деген сөздөр калп. Биз бир жолу ажыраштык, болду, ошону менен эч кимибиз артка кайрылган жокпуз.

– 8 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар эле, ажырашуу деле оңой болбосо керек?– Жашоодо ачуу менен таттуу чогуу жүрөт тура. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз 11 күн гана чогуу жашап, ажырашып кеттик. Жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Баарыбыз эле үйлөнүп же турмушка чыгып жатканда ажырашып кетем деп максат койбойбуз да, түбөлүккө деп ойлойбуз. Бирок турмушта ар кандай күтүүсүздүктөр болот экен. Айрыкча биздин менталитетте тегерегиңдеги адамдар түгөйлөрдүн жашоосуна кийлигишип, ажырашуу түгөйлөрдөн көз каранды болбой калат экен. Жолдошум тууралуу жаман сөз айткым келбейт, ак көңүл, жакшы адам. Бири-бирибизге араздашуу, таарыныч сезими жок. Биз бардык таарынычтарды артка таштап эки айрым жолго түштүк. Азыр мамилебиз жакшы, дос катары сүйлөшүп турабыз.

– Ажырашкандан кийин көпчүлүк айымдар өзүн таштап коюшат, сен мындай кырдаалдан кантип өттүң?– Албетте, жашоодогу мындай соккудан кийин ар бир эле айым депрессияга түшсө керек. Бирок мен табиятымдан түз, чечкиндүү жүргөндү жакшы көрөм. Мүнөзүңөр дал келишпей, жашооңор болбой калдыбы, болду, андан ары жашооңду улап кет. Алсыздыгымды көрсөтүп, жаш төккөндү жаман көрөм. Айымдар ажырашууну жашоосунун акыркы күнүндөй элестетишет. Жок! Жер жүзүндө 7 миллиард адам бар, биринчисинде болбой калса, экинчиси болот. Депрессия деле оор же жеңил өткөрүү даражасына бөлүнөт. Мисалы, айрым түгөйлөр 15 жыл жашап ажырашса алардын депрессиясы оор болсо керек. Ал эми мен 11 күн жашадым, өзүм деле 11 күндө эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым окшойт. Кээде «мен турмушка негизи чыктым беле?» деп ойлонуп кетем. Бир жарым жума бул өзүңдү толук кандуу жубай сезүүгө аябай аз убакыт. Менде азыр такыр турмушка чыкпагандай, бойдок жүргөндөй эле сезим боло берет. Аялдын жашоосундагы негизги жетишкендик – турмушка чыгып, бала төрөө дегенге кошулбайм. Аял да инсан катары өсүп-өнүгүшү керек. Мени курбуларым, жакшы музыка, кызыктуу китептер, өзүмдүн жумушум депрессияга түшүргөн жок.

– Өзүңдүн мисалыңда жаш түгөйлөргө кандай кеңеш бересиң?– Үйлөнөбүз деп жаткан түгөйлөргө айтарым, кыз-жигиттик мамилени 2-3 жылдан ашырбаш керек экен. Биз мурунку жолдошум экөөбүз 8 жыл сүйлөштүк. Бул аралыкта баштагыдай буркан-шаркан сезимдер жок калды. Сезимдер соолуп, мамиле башка деңгээлге өтүп жаткан учур болот экен. Ошондуктан олуттуу мамиле куруп жаткан түгөйлөр көп создуктурбай үйлөнүшкөнү туура экен.

– Маегиңе чоң рахмат! Бактылуу бол!

Булак: www.super.kg

16:02
193
RSS
Нет комментариев. Ваш будет первым!
Загрузка...