Жалал-Абад облусунда белгисиз жаран тарабынан сабалган "Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жала-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин 2020-жылдын 24-декабрында саат 04:30 чамада Жалал-Абад шаарында "Тазалык" ишканасынын жумушчусу Маргуба Хакимованы белгисиз азиат улутундагы 25-30 жаштардагы бала уруп окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "Бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Бүгүн, 15-январь күнү жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну кармалып, тергөө кызматына киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү таанып, аны К.У. уруп денесине жараат келтиргендигин көрсөткөн. Бирок учурда ага карата доо-арызы жоктугун билдирип, тосмо арызын жазып берген", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Категории
Скачайте самые новые песни ваших любимых исполнителей в формате мп3. Слушать онлайн песни без регистрации.