Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжан Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оруджев Гидаят Худуш уулу менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тараптар борбордун түштүк бөлүгүндө жаңы достук паркын куруу, жакшыртуу, Көк-Жар жаңы конушунда 550 орундуу орто мектептин курулушун талкуулашты. Эки долбоор тең Азербайжандын эсебинен ишке ашырылат.

Балбак Түлөбаев эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаары үчүн маанилүү экендигин белгилеп, калаанын инфраструктурасын жакшыртуудагы колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

аардын түштүк тарабында, Дайыр Асанов атындагы парктын маңдайында дагы бир жаңы коомдук аянтча курулуп жатат. Бул Азербайжан Республикасынан шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна белек болот.

5,5 гектар аянттагы сейил бакта фонтандар жана декоративдик бассейндер, ачык амфитеатр жана беседкалар, балдар аянтчалары болот", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2019-жылы борбор калаанын муниципалитети менен Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 550 орундуу мектеп жана жаңы парк куруу боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Категории
Скачайте самые новые песни ваших любимых исполнителей в формате мп3. Слушать онлайн песни без регистрации.