
Айпери Кубик кызы Ата эне
Исполнитель:
Айпери Кубик кызы
Песня:
Ата эне
- Качество MP3: 320 kbps
- Дата релиза: 3-08-2020, 18:58
- Скачиваний: 1 268
Текст песни
Аска-зоодон ар пендеге кут келер,
Арча тоодон өмүр берген жыт келер,
"Адам болчу, айланайын" деп айткан,
Акыл айткан алтын атам бир келер.
Араласа тамыр менен кан келер,
Адамзатка тирүүлүктө жан берер,
Алтындан да кымбат болгон асыл зат,
Ардактаган алтын апам бир келер.
“Адам бол” деп бизди багып чоңойткон,
Акыл айтып аң-сезимди ойготкон,
Ата-энеден ашык нерсе бар бекен,
“Алтыным” деп мүнөт сайын ойноткон?
Кайырма:
Ар дайым ата-энем, ата-энем, ата-энем, ата-энем,
Бар болсун дагы эле, дагы эле, дагы эле, дагы эле.
Өмүр бою сый көргүлө, ата-энем,
Оорубастан бир жүргүлө, ата-энем,
Бага турган, карай турган кез келсе,
Балдарыңдын милдети бул дагы эле.
Кыз-келиндин кызматын көр, ата-эне,
Уул-кыздын урматын көр, ата-эне.
Колдон келсе чоңойсок биз дагы эле
Сөз беребиз айтканыбыз чын эле.
Жүргөн экем эч нерсени ойлонбой,
Жүрөгүм жаш али турат ойгонбой,
Жүзүңөрдөн күлкү кетпей, жашарып,
Жүрсөңөр дейм он беш жашта болгондой.
Арча тоодон өмүр берген жыт келер,
"Адам болчу, айланайын" деп айткан,
Акыл айткан алтын атам бир келер.
Араласа тамыр менен кан келер,
Адамзатка тирүүлүктө жан берер,
Алтындан да кымбат болгон асыл зат,
Ардактаган алтын апам бир келер.
“Адам бол” деп бизди багып чоңойткон,
Акыл айтып аң-сезимди ойготкон,
Ата-энеден ашык нерсе бар бекен,
“Алтыным” деп мүнөт сайын ойноткон?
Кайырма:
Ар дайым ата-энем, ата-энем, ата-энем, ата-энем,
Бар болсун дагы эле, дагы эле, дагы эле, дагы эле.
Өмүр бою сый көргүлө, ата-энем,
Оорубастан бир жүргүлө, ата-энем,
Бага турган, карай турган кез келсе,
Балдарыңдын милдети бул дагы эле.
Кыз-келиндин кызматын көр, ата-эне,
Уул-кыздын урматын көр, ата-эне.
Колдон келсе чоңойсок биз дагы эле
Сөз беребиз айтканыбыз чын эле.
Жүргөн экем эч нерсени ойлонбой,
Жүрөгүм жаш али турат ойгонбой,
Жүзүңөрдөн күлкү кетпей, жашарып,
Жүрсөңөр дейм он беш жашта болгондой.
Похожие песни
Гулжигит Сатыбеков - Балалык
Скачать
Мирлан Баеков - Энем энем
Скачать
Бек Борбиев - Энем Энем
Скачать
Гулжигит Сатыбеков - Ата энеме
Скачать
Кубаныч Сатаев - Асыл энем
Скачать
КЕНЕШ тобу - Асыл энем
Скачать
Жоодарбешим Нурлан Насип - Экообуз ашык бир кызга
Скачать
Ильяс Кудретов - Туулган кунун кут болсун
Скачать
Марина - Ата-Энем
Скачать
Алина Жетигенова - Кыздын сыры
Скачать
Комментарии
Добавить